Учурда Бишкектеги Биринчи май районундагы “Калыс-Ордо” конушунда абал тынч. Бул туурасында “kyrgyz.news” интернет басылмасына Бишкек шаардык мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу билдирди.
“Калыс – Ордо” конушундагы күн батыш тарабында муниципалитетке караштуу 7 гектар жерибиз бар болчу. Биз аны көп жылдан бери эле карап келатабыз. Бирок кандайдыр бир себептерден улам белгисиз адамдар, уюшулган топтор ошол жерди басып алып, өздөрүнө чарчы метрлерди бөлүп, белгилеп алгандары боюнча кечээ бизге маалымат жеткен. Биз дароо ал жакка барып оперативдүү түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бирок алар ага көнүшкөн жок. Себеби жашоо шарттары оордугун, батирде жашагандарын айтышып, ушул жерге биз жашашыбыз керек деген сунуштарын билдиришти.
Албетте бул мыйзамга туура келбейт. Жер кодекси боюнча алар эл катары кезекке турушу керек. Анткен менен биздин сунушка алар макул болгон жок. Мындан улам Биринчи май районуна кат жүзүндө кайрылдым. Алар жумушчу топту жөнөтүштү. Анын негизинде жер басып алууну уюштургандардын лидерлерин жалпы 7ге чукул адамды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Териштирүү жүрдү, учурда “Калыс – Ордо” конушунда абал тынч”,-деди.
Ошондой эле Талант Иманакун уулу жер басып алууну “Калыс – Ордо” конушуна жакын жашагандар, 2005-жылы жер басып алгандар уюштурганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрда 100дөй адам «Калыс-Ордо» конушунда мэрияга караштуу жети гектар жерден участок бөлүп берүүнү талап кылышкан.