Воскресенье, 24 ноября

Юстиция министрлигинде кимдердин карызы көп?

0

Адилет министрлиги сунуштаган мыйзамга ылайык банктарга же жеке жактарга карызы бар адамдардын чет өлкөгө чыгуусуна тоскоолдук жаралбайт. Бул туурасында Юстиция министри Марат Джаманкулов парламентте билдирди.

Долбоор “Тышкы миграция” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алкагында сунушталды. Тагыраак айтканда «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 8-пунктуна өзгөртүү киргизүү демилгеленди. Эгерде бул мыйзам депутаттардын колдоосуна ээ болуп, ага президент кол койсо банктарга, жеке жактарга карызы бар жарандар ээн -эркин Кыргызстандан башка мамлекеттерге кете берет.

Бирок бул долбоорго бир катар депутаттар каршы чыгып, кооптонууларын билдиришүүдө. Мисалы Исхак Масалиев бирөөдөн же банктан карыз акча алып чет өлкөгө качып кетсе, карыз берген адам же банк жабыркабайбы деген суроону коюп, бул жагдай менен коррупцияга жол берилип калат деген пикирин билдирди. Депутат Марлен Маматалиев дагы ушундай пикирди карманаарын белгилеп жарандык маселелерди бөлүп-бөлүп кароо керектигин айтты.

Анткен менен долбоор колдоого алынып 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Эскерте кетсек иштеп жаткан мыйзамга ылайык акчалай карызы бар жрандар чет өлкөгө чыга албайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз