Четверг, 9 мая

Депутат 17 жылдан бери элдин канча пайызы жакырчылыктан чыкканына кызыкты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев КСДП фракциясынын жыйынында 17 жылдан бери жакырчылыктан Кыргызстандагы калктын канча пайызы чыкканын сурады. Бирок Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин жетекчиси Бекжан Супаналиев бул суроого жооп бере алган жок.

«Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги 2003-жылы президенттин демилгеси менен түзүлгөн. Бул жылдар аралыгында жарандардын канча пайызынын жашоо шарты жакшырды? Бул жылдар аралыгында жалпысынан донорлордон 156 миллион доллар келиптир, бул 11 миллиард сом. Эми дагы 205 миллион деп жатасыздар бул акчалар каяка кетип жатат? Жарандар жакырчылыктан чыгып жатабы?»-деди.

Анткен менен Бекжан Супаналиев жакырчылыктан чыккан калк боюнча пайыздык көрсөткүчтөр жок экенин, маалыматты кагаз жүзүндө берүүнү убадалады.

«Сиздин бул кызматка келгениңизге бир жылга жакындап калыптыр. Мындай даярдык болбойт. Жыйынга 15 киши ээрчитип келиптирсиз, депутаттардын суроолоруна так жооп беришиңиз керек. Бир дагы так цифраны айта алган жоксуз. Агенттиктин башкаруу системин жаңылоо керек окшойт. Байкоочу кеңешке отчёт берип коёсуңар болду. 2003-жылдан бери 17 жыл өттү. Жаңы системдерди киргизиш керек», — дейт Карашев.

Эскерте кетсек, фракция жыйынында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселе каралды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз