Четверг, 9 мая

БШК: Кийинки парламенттик шайлоо качан болот?

0

Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн графигин жарыялаган. Анда шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынаары көрсөтүлгөн.

Айта кетсек жакында эле президент БШК төрайымын кабыл алып, анда 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоону талкуулашкан.

Азыркы алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика Ата-Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз