Четверг, 9 мая

Суракматов: Көп нерсе жасагың келет, бирок акча жок

0

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов: «Көп жумуш жасагың келет бирок, акча жок. Мисалы Алматыны ала турган болсок, Бишкек менен Алматынын жашоочуларынын саны бирдей. Ал жакта жылдык бюджет 2,5 млрд доллар, Бишкектики болсо 120 млн доллар деген», — деди.
Калаа башчысынын бул пикирин мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда: “Көптөгөн демилгелер чоң карама каршылыктар менен коштолот. Шаар үчүн түшүнүктүү эреже болушу шарт. Мисалы, Бишкек 2018-жылы 54 млрд сом салык чогултту, мыйзам боюнча мэрияга мунун 12% гана калат, бул болжолу менен 8 млрд сом болот. Эгерде шаардык бюджетке чогулган акчанын 30% калса иштегенге стимул болмок. Албетте республикалык жана шаардык бюджетке түшкөн салыктар дагы өсмөк. Азырынча шаар канча чогултпасын анын 12 гана пайызы бизде калат. Ушул эле кырдаал башка аймактарда дагы бар. Көптөгөн мамлекеттерде мамлекеттик бюджетке чогулган акчанын 40%ын алып, калганын региондун өнүгүшүнө калтырат. Эгерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иштешине шарттар түзүлсө, алар инвестиция тартып келүү, акча түшүрүү жагын ойломок”, -дейт Суракматов.

Ошондой эле, калаа башчысы аймактарда маданият, спорт, билим берүү, саламаттык сактоо тармагында көйгөй бар. Ошол үчүн бардыгы Бишкекке иштегени келишет. Бул өз кезегинде ошол эле ооруканалардын жүгүн оорлотуп жатканын кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз