Атамбаевдин жан сакчысын колдогон митинг өтүп жатат

0

Бишкектеги Горький сейил багында ушу тапта Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин жакындары тынчтык митингин өткөрүп жатышат.

Акциянын катышуучуларынын билдиришинче алар президенттен акыйкаттыкты суранып жатышат. Айтымдарында Сагымбаевдин күнөөсү жок, ал болгону кызматтык милдетин аткарган.

Сагымбаевдин тарапташтары «Канат Сагымбаевге боштондук», «Канат биз сени менен», «Ак ийилет бирок сынбайт»,-деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушат.

Эскерте кетсек Атамбаевдин жан сакчысына массалык баш аламандыкты уюштурууга катышы бар, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, тергөө ишине тоскоолдук жараткан деген айыптар тагылган. Сагымбаев айып тагылганча УКМКнын кызматкери болуп эмгектенген. Атамбаевди ал кармалганча кайтарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз