Изделип жаткан ишкердин сөөгү табылды

0

Мындан бир нече күн мурун жоголгон ишкердин сөөгү Нарындан табылган. Бул туурасында бир катар жергиликтүү интернет басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой 4-октябрдан бери изделип жаткан Хуфур Абдурахемандын денеси Кочкор районунан табылган. Аны өлтүрүп, ошол жакка көмүп койгону айтылууда. Ал эми анын BMW X5 үлгүсүндөгү унаасын башка түскө боёп айдап жүргөн жарандар кармалган.

Эскерте кетсек Бишкек шаарындагы Мадина базарындагы «Мадина» кафесинин кожоюну Хуфур Абдурахеманды укук коргоо органдары 16 күндөн бери издеп жатышкан болчу. Бизнесмендин дайынсыз болуп жатканы туурасында милицияга анын жакындары кайрылганы айтылган. Алар коомчулуктан дагы ишкерди табышууга жардам сурашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз