Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жумушка келген жаңы кызматкерлер “отметка” кылбаса жумуштан кетирип жатат. Бул туурасында аталган министрликтеги Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин жумуштан бошотулган директору Бакыт Мамытканов билдирди.
Айтымында ал бул кызматка үч ай мурун өкмөт башчы тарабынан дайындалып келген. Учурда жигердүү иштеп жатканына карабастан аны министр Эркинбек Чодуев өз каалоосу менен кетти деп жумуштан алып койгон.
“Мен бул кызматка дайындалып келээрим менен мага өз каалоом менен жумуштан кеттим деген таризде арыз жаздырышкан. Мунун себебин сураганымда, Чодуев анын орун басарлары баш болуп, 4 киши ушундай арыз жазганын, алар премьер-министрге 3 айда иштин жыйынтыгын көрсөтө албасак кызматтан кетебиз деп убада бергенбиз ошол үчүн арыз жаздык деп айтышкан. Ал арызды ошол дата менен эмес, үч ай алдын ала жаздырган. Бул аралыкта мен жакшы иштеп, жер жерлерде семинарларды өткөрүп жүргөм. Ушуга чейин министрдин жакындары мен кызматка келгеним үчүн Чодуевге «отметка» кылышым керектигин айтып жүрүштү. Бирок мен эч кандай акча берген жокмун. Ошол үчүнбү айтор мени кечээ, менин макулдугумсуз жумуштан кетти деп жарыялаптыр. Мен болсо командировкада жүргөм”,-дейт Мамытканов.
Ошондой эле ал Эркинбек Чодуевдин айыл чарбасы жөнүндө түшүнүгү дагы жок экенин, министрлик ага кор болуп жатканын кошумчалады.