Среда, 27 ноября

Бакыт Мамытканов министр Чодуевди сотко берет

0

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы жетекчиси Бакыт Мамытканов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди сотко берет. Бул туурасында Мамытканов “kyrgyz.news” басылмасына билдирди.

“Эркинбек Чодуев министрликтен кетмейинче айыл чарбасында өнүгүү болбойт. Мен муну дилил менен айта алам. Чодуев келгенден бери министрликте акча чогултуулар башталган муну бул жакта иштегендердин 60 пайызы айтып бере алат, бирок коркушат. Анткени каршы сүйлөгөндүн бардыгын жумуштан кетирет экен. Мени кызматтан мыйзамсыз алды. Бул үчүн аны сотко берем”,-деди ал.

Ушундай эле кырдаалга аталган департаменитинин жетекчисинин орун басары Раманбек Машаев дагы туш болгонун билдирди. Ал балык чарба тармагында иштегенине карабастан ага картошка боюнча сөгүш жарыяланган.

“Мен эки жарым жылдан бери балык чарба департаментин жетектеп келгем. Бир катар жетишкендиктер болгон. Үзүрлүү иштеп жатканбыз. Жумуштан кетем деп арыз жазган эмесмин. Командировкадан келсем кызматтан алып коюуптур. Эмнеге билбейм”,-деди Машаев.

Анткен менен министрдин кеңешчиси Асылбек Исаков жумуштан айдалгандар өздөрүнө тиешелүү милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн кетирилгенин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз