Суббота, 18 мая

Депутат К. Рыспаев: «Өкмөт коомчулуктун пикири менен эсептешпей, өз токтому менен паспорттон «улуту» деген графаны алып салган, аны ордуна койсун»

0

Депутат К. Рыспаев: «Өкмөт коомчулуктун пикири менен эсептешпей, өз токтому менен паспорттон «улуту» деген графаны алып салган, аны ордуна койсун»

Өзүӊөр жакшы билесиӊер, кезинде паспорттогу «улуту» деген графа боюнча калк арасында катуу талкуу болгон. Тилекке каршы, Өкмөт коомчулуктун, анын ичинде депутаттардын пикири менен эсептешпей, өз токтому менен биометрикалык паспорттон аны алып салган. Өтүнөрүм, жарандардын улутун жайына койгулачы. Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жарандын улуту жөнүндөгү маалымат чипке түшүрүлгөн дешет, анын эмне кереги бар. Коомчулук талап кылып жатат, паспорттогу «улуту» деген графа көрүнөө турушу керек. Ошондуктан, Өкмөткө аны ордуна коюу боюнча протоколдук тапшырма бериш керек», — деди депутат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз