Воскресенье, 5 мая

МККнын Call-борборуна 200 миңден ашык телефон чалуу болгон

0

МККнын Callборборуна 200 миңден ашык телефон чалуу болгон

 

2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Call-борборунда 200 миңден ашык чалуулар кабыл алынган. Абоненттердин көпчүлүгү паспорт алуу маселелерине кызыгышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

МККнын grs.gov.kg, infocom.kg, portal.srs.kg, nomer.srs.kg интернет ресурстарындагы онлайн-чат аркылуу 20-минден ашык диалогдор өткөрүлдү. Күн сайын оператордун үнүнө  200дөн кем эмес абонент  «кулак кагат».

Жыл санап Call-борборго кайрылган жарандардын санынын өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 2015-жылы 130 миңден ашуун жарандар кайрылышкан, 2016-жылы – 150 миң, 2017-жылы болсо – 305 миң. 2015-жылдын августунда ачылгандан бери кабыл алынган чалуулардын жалпы саны 815 минденашкан.

15 октябрь 2017 жылыКыргыз Республикасынын Президентининшайлоо учурунда рекордтук чалуулар — 9,5 мин иштелип чыккан.

Call-борбордун кызматтарынан өлкөнүн чегинен тышкары жактардажүрүшкөн жарандар пайдалана алышат.Күн сайын жергиликтүү убакыт боюнча саат тогуздан кечки алтыга чейин он оператор 2000 жолку чалууларды  иштеп чыгышат.

Кыргызстан жарандарынынкөпчүлүк бөлүгүпаспорт берүү жол-жоболорун, унааны каттоо жана айдоочунун күбөлүгүн, ЖААК документтерин алуу жана онлайн-аукцион аркылуу унаалар үчүн өзгөчө кооз номерлерди алуу маселелери боюнча кайрылышат. Ошондой эле кыймылсыз мүлк, шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана ар түрдүү даттанып арыздануу тууралуумаалымат алуу үчүн чалышат.

МККнын Call-борбору өз ишин 2015-жылдын 18-августунда баштаган, ал заманбап жабдуулар жана сапаттуу кызматтарды сунуштоо үчүн программалык камсыздоолор мененжабдылган. IVR-системасы (Interactive Voice Response) аркылуу кабыл алынган чалуулар саны жана сапаты, түрлөрү боюнча  электрондук түрдө отчет жүргүзүлөт.  Мамлекеттик сектордо “Инфоком” МИсиаутсорсинг кызматтарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар жападан-жалгыз контакт борбор болуп саналат.

Кызыктуу статистика:

— Call-борборго кайрылгандардын жалпы санынын70 пайызын аялдар түзөт;

— чалуулардын активдүү болушу саат 10дон бирге чейин көп байкалат;

— ар бир оператор улам кийинки жаңы сүйлөшүүнү ар бир 120 секунда сайын баштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз