Среда, 17 апреля

Анара Шаимкулова, ырчы: Өнөр шыбагам балдарымды да, жандүйнөмдү да багат

0

-Комуздун чертип ырдайсыз. Комузду качан үйрөндүңүз эле?

— Мектепте окуп жүргөн кезимде атам Токтогул деген комуз чертип, жасаган атадан 18 сомго жаңгак комуз сатып келиптир. Аябай кубанганым азыр да эсимде. Ошол убакта мектепте комуз ийрими ачылып калды. Бирок комузду эми гана колго кармаганды үйрөнө баштаганымда ийрим жабылды, анан кызыгып калган жаным жөн каламбы, башка агайга барып, айтор чала-була үйрөнгөнгө жетиштим. Кийин Арзыбек Бедияровдун фольклордук тобунда да ырдап жүргөнүмдө Роза Амановага кездештим. Ал ырдаганымды угуп «сени угуп жүрөм, үнүң элдик үн экен, комуз менен ырдашың керек», — деди. Ошол насааттын таасир менен комуз үйрөнүп, фольклорго басым жасадым.

-Элге тааныла баштаганыңыздан кийин бир канча жылга кайра дайынсыз кеттиңиз. Турмуштук жагдайлардан улам тыныгуу алдыңызбы?

-Турмушка чыктым. Эки уулумду удаа төрөп үйдө отурдум. Андан кийин соода-сатык менен алектенүүгө аракеттендим. Бирок колумдан келбейт экен, банкрот болдум. Балдар менен үйдө отурганда, кийин соодада жүргөндө да жашоомдун тузу кем болгондой, бир нерсе жетишпей жаткандай сезим менен жашадым. Көкүрөк ыр, чыгармачылык деп турса басып коюу оңойго турбайт экен. Анан жолдошум чыгармачылыгыңды улант деп уруксат берди. Ошондо эң бактылуу адамга айландым.

-Тең салмактай келгенде, чыгармачылыкка көбүрөөк убакыт бөлөсүзбү, же чыгармачылыккабы?

-Албетте, үй-бөлөмө көп убактым кетет. Чыгармачылык болсо өнөр шыбагам. Бир колумда казандын кулагы, экинчи колумда комузум. Жандүйнөмдү да, балдарымды да багам. Байкап көрсөм, жашоом экиге бөлүнүп калгандай. Бир жагында үй-бүлөм, экинчи жагында чыгармачылыгым турат. Түйшүгүнө чыдап, дараметимдин жетишинче эки бактымды бирдей көтөрүп жашап келатам. Экөө тең бири биринен калышпаган маанилүү мен үчүн. Жараткан ыйгарган өнөр шыбагамдын жарыгы жандүйнөмө да, балдарыма да тийет.

-Негизи эле, аялзатынын түйшүгү көп эмеспи. А өнөр адамдары эрте кетет, кеч келет дегендей, жардамчыга көбүрөөк муктаж болсо керек. Балдарыңызга каралашып, жардам бергендер барбы?

-Балдарымды өзүм эле чоңойтуп келатам. Эки уул, бир кызым бар. Ар бир эне Кудайдан балдарынын өмүрүн, бактысын тилейт. Бирок, жардам издеген күндөрүм да жок эмес. Кээде, концерт, же башка иш чараларга баруу керек болуп калганда, жакындарыма, кошуналарыма таштап кеткен учурларым да кездешет.

-Бала чагыңызда кандай болгонсуз, элпек, тил алчаакпы, же тескерисинче кежир, көкбетпи?

-Эрке кыз болчумун. Үйдүн улуусу болгонума карабай, апам айылчылап жөнөгөндө мен да ээрчип алчумун. Анан эркиндик жакчу. А эркиндикти үйдүн ичиндеги эмес, короодогу иштерден тапчумун. Булактан суу ташып келмей мага майрам болчу. Сууга кетип, кыялданып, өз ойлорум менен алек болуп жүрө берип, апамдан далай тил уккам.

-Бир туугандар арасында удаалаштар атаандашып турушат эмеспи, сиздерде да болду беле?

-Менден бир жаш кичүү сиңдим Динара экөөбүз көп атаандашчубуз. Ал үй оокатка тың болчу. Кыз кишинин жумуштарын менден озунуп өздөштүрчү. Мен болсо эки саатта булактан эки чака суу алып келсем, ал мага бултуңдап калчу. Кийим жагынан да көп атаандаштык. Азыр эстесем күлкүм келет. Бир жолу эжем мен жокто Динара экөөбүзгө күрмө алып келиптир. Сиңдим өңдүрөөгүн тандап алган экен, ичим күйгөнүн айтпа!

-Чыгармачыл адамдар ийгиликке жетүүдө тоскоолдукка көп учурашат дешет. Биринчи тоскоолдук кесип тандоодо ата-энесинин каршылыгы. Сиз дагы атаңыздын ырчы болушуңузга каршы болгонун айтып келесиз? Атаңызды кантип макулдаткансыз?

-Атам өзү да жакшы ырдайт, бирок кыз бала дедиби менин ырчы болушумду каалаган эмес. Мектепти аяктаган соң мага койсо Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтка тапшырмакмын. Бирок атам “Мугалимдик кесипке ээ болсоң кор болбойсуң”, — деди дагы Филология факультетине тапшыртып салды. Албетте, башында мага оор болду. Өзүмдүн каалоомо ылайык келбеген жерге келип калгансып өкүнгөнүмдү, ыйлаганымды айтпа. Бирок азыр атамдын чечимине ыраазы болом. Филология факультетинен жамандык көргөн жокмун. Ошондо окуган чыгармалардын пайдасы азыр тийип жатат. Табияттан берилген талант баары бир ооздуктаганга көнбөйт экен, 3-курстан баштап кароо сынак, фестиваль, иш-чараларга катыша баштадым. Мугалимдерим «оку же ырда» деп урушкан учурлар да кездешти. Акыры атам да өзү түшүндү окшойт, элге алына баштаганымды көрүп унчукпай калды. Азыр эми колдоп турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз