Суббота, 4 июля

Катардагы жаран Атамбаевдин укугунун бузулганына нааразы

0

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин экс — президент макамы мыйзам чегинде бузулду. Мындай пикирин «Kyrgyz.news» сайтына Кыргыз темир жол ишканасынын катардагы кызматкери Рахат Акматова билдирди.

Ал мурдагы мамлекет башчысынын жана өзүнүн укугу тебеленип жатканын билдирүүдө.

«Мамлекетти алты жыл башкарган Алмазбек Атамбаевдин укугу тебеленип жаткандан кийин мен эмне болуп калыптырмын бийликке. Менин дагы укугум тебеленип жатат. Мен темир жол ишканасында жөнөкөй жумушчу болуп иштейм. Жатаканасында балам менен жашайм. Үйүм жок. Бирок жетекчилик тарабынан мага байма-бай кысымдар болуп жатат. Алар мени жатаканадан чыгаруу аракетин көрүшүүдө. Бирок мен чыкпайм, чыгарып көрүшсүн, мен Ак Үйдүн алдына келип жашап алам. Транспорт министрине чейин кат жаздым, эч ким көңүл бурбайт. Азыр жатаканада жашагандар менен ишкана 3 айга келишим түзүп калган. Мен буга каршымын, анткени үч ай сайын бизге эшикте калуу коркунучу жаралат. Темир жол жетекчиси биз менен бир жылдык келишим түзүүсүн талап кылам»,-дейт Акматова.

Эскерте кетсек Кыргыз темир жол ишканасынын кызматкерлери буга чейин дагы жетекчиликке нааразычылыгын билдиришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз