Бүгүн, 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын Ички иштер кызматынын майрамы. Бул күнү кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө 25 жыл толду.
Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Кронштад көчөсү-17 дарегинде жайгашкан КР ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунда саат 14:00дө Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Иш чарага полктун өздүк курамы, ардагерлери жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү катышат.
Салтанатты өздүк курам тарабынан даярдаган чакан концерттик программа коштойт.