Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Эске салсак Самат Курманкулов Кой-Таш айылында 7-8-августта мурдагы президентти кармоо операция учурунда оор жаракат алган. Ага эки жолу операция жасалган жана бир нече күн эс-учуна келбей жаткан.
Андан кийин дарыгерлер консилиуму өткөрүлүп, ага Россиядан да дарыгерлер келип катышкан.
Дарыгерлердин кеңешүүсүнөн кийин полковникти дарылоону Москва шаарындагы белгилүү ооруканалардын биринен улантуу чечими кабыл алынган. 4-сентябрда коомчулук көптөн күткөн кубанычтуу кабар тарап, Курманкуловдун көзүн ачып, сүйлөй албаса да сөзгө реакция жасап калганы белгилүү болгон.
Ошондой эле президенттин жарлыгы менен ички иштер тармагындагы 3 кызматкер “Даңк” медалын, 3 кызматкер “Ардак грамотасын”, дагы 18 кызматкер КР Президентинин энчилүү саатын алышты.