Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев жатак-колониясына которулганын ЖАМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда соттолуучу Муралиев жатак-колонияга атайын комиссиянын ушул жылдын 17-октябрындагы чечими менен которулган. Ал учурда үйүндө ЖАМКнын көзөмөл алдында болуп, жумушка орношууга даярданууда.
Буга дейре Алтынбек Муралиев Молдовановка айылындагы №26 колонияда жазасын өтөгөн. Ушул жылдын февраль айында Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, абак мөөнөтүн 22 жылдан 15 жылга кыскарткан. Андан кийин Жогорку сот жаза мөөнөтүнөн дагы беш жылды алып, жалпысынан Муралиевге 10 жыл абакта жазасын өтөө тагылган.
Атайын комиссияда ЖАМКнын төрагасынын орун басары жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлеринин өкүлдөрү болушкан. Алар иштин бардык материалдарын иликтеп чыгышкандан соң Муралиевди жатак-колонияга которууну туура деп табышкан.
Эске салсак Алтынбек Муралиевге мамлекеттин кызыкчылыгын сатуу боюнча айып тагылган. Ал мурда өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген. Кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык сырларды жеткирип турган делген. Ал 2014-жылдын 4-ноябрында камакка алынган. Биринчи инстанция аны 22 жылга эркинен ажыраткан.
Муралиев өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес.