Кыргызкөмүр ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевге белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон. Бул туурасында «Kyrgyz.news» сайтына өздүк булактар билдиришти.
Анда айтылгандай окуя эки күн мурун орун алган.
«Эки күн мурун, тагыраагы 30-октябрда түнкү саат 12 лер чамасында Кыргызкөмүрдүн директору Канатбек Ашырбаевди белгисиз адамдар сабап кетишкен. Ал машыгуу залынан чыгып келе жатканда эки адам аны ур-токмокко алып баштаган»,-деди өздүк булак.
Ошондой эле учурда Канатбек Ашырбаевдин ден соолугу жакшы экени, ал өзүн өзү коргоого алууга аракет жасаганы айтылат. Ал эми анын укук коргоо органдарына кайрылган кайрылбаганы боюнча азырынча так маалымат жок.