Вторник, 7 мая

Карамушкина Илмиянов жөнүндө: Аны тагдыр жазалады

0

Ирина Карамушкина Икрамжан Илмияновдун соттолушу боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды.

Ошондой эле ал Илмиянов менен Матраимов мурдагы жана азыркы президенттердин ишенимдүү адамдары болгонун, экөө тең каалаганын жасап, бирок өлкө башчыларынын коргоосунда жазага тартылбай келишкенин белгилеген.

“Кудум эле суур күнү (день сурка)! Качандыр бир Алмазбек Шаршенович экөөбүз Икрам Илмиянов тууралуу сүйлөшүп жатканыбызда мага адамдар ал мындай кылды, тигиндей кылды деп арызданып жатышат деген. Атамбаев аны абдан коргоду, кынтыксыз ишенчү. “Фактыны көрсөткүлө мен аны каматам”, — деп да айткан. Мен арыз ээлерине Икрамдын кайсы бир кылыгы боюнча кандайдыр бир далил бергиле десем, алар башын чайкашып, жылмайышып коюшкан, коркушкан… бирок убакыт келди, Икрамды тагдыр акыры жазалады. Байкасаңар бир дагы партиялашы аны коргоп эч кеп айтышпады, демек анын кылыктарын баари бирип бирок унчугушпай келишкенби? Так эле ушундай көрүнүш Матраимов менен кайталанып жатат. Ар бир президенттин “шкафта скелети” бар!” – деп жазды Карамушкина.

Эске салсак Икрамжан Илмиянов көз боемочулукка айыпталып жакында 7 жылга кесилди. Анын үй-мүлкү да конфискацияланууга чечим чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз