Белгилүү журналист Чынара Токонова бүгүн каза болду. Бул туурасында Назгуль Калмамбетова аттуу фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына жазды.
Эртең менен ал баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган болчу.
“Урматтуу достор! Биздин Чика Чынара Токонова (Chynara Tokonova) учурда оор абалда ооруканада жатат 🙁 экинчи жолу инсульт алды… Биздин сүйүктүү Чикабызды азыр операцияга киргизгени жатыптыр, нейрохирургияда. Сураныч, мен Кудайга ишенем! Баарыбыз дуба кылалы, операциясы ийгиликтүү аяктап, арабызга кошулсун!”
Арадан бир нече саат өткөндөн кийин Назгуль Калмамбетова “Ажалга арача боло албадык!!! Чикадан ажырап калдык. Суук кабарды эми уктук….. Чика кечир бизди”,-деп жазды.
Айта кетсек, Чынара Токонова 1982-жылы туулган. Ал “КТРК”, “Ала-Тоо”, “НТС”, “СТВ” телеканалдарында жооптуу кызматтарды аркалаган. Учурда Булан институтунда эмгектенип жатканын өзү бир нече ай мурун фейсбуктагы баракачасы аркылуу билдирген.
Биздин чыгармачылык жамаат белгилүү журналисттин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!