Илгерки муун чачын жайып жүргөн кыз-келиндерге жактырбай карашаары маалым. Бирок замандын шары менен узун чачты жайып жүрүү модагы айланды десек жаңылышпайбыз. Фейсбук колдонуучусу Нургүл Кожомбердиева кыргыздын салтына, үрп-адатына таянып кыз-келиндерге чачты жайып жүрүүгө эмнеге уруксат берилбей турганын жазып чыкты:
“Чачын жазып же өтө кыска кестирип жүргөн аялзаты көп терс энергиялуу болушат экен. Анан дагы чачын жазган аялдардын аурасын бузуку эркектердин кумарлуу жаман ойлору бузат. Элестеткиле жаш кыздын чачын кичинесинен улам-улам кыркып же узун чачын ар дайым жазып жүргөнүн! Ал кыздын тагдыры эмне үчүн чоңойгондо терс жака өзгөрдү деп, кийин анан таң калышат. «Распущенные волосы путь к распутству» дегендей, чачы ар дайым жазылуу жүргөн кыздын адеп-ахлагы, жүрүм-туруму да терс жака өзгөрүшү мүмкүн экен! Ага таң калыштын кереги жок! Анткени чачын бош коюп, жазып жүргөн жаш кыз, канча деген терс энергетиканы чоңойгончо чогултат, аны бир гана кудай билет. Ошону үчүн 1 кылым мурда жаш кыздардын чачын эч ким, эч качан жазган эмес! Кыз күйөөгө чыкканча чачын өрүп коюшкан, көбүнчө майдалап, 40 чач кылып. Белге чейин түшүп, өрүлүп турган чачтар аркылуу секелек кыздар, Ааламдан күч алып турган. Ал күч-энергия аларга туура өсүүгө күч кубат берип, ички дүйнөсүн тазартып, аны келечекте туура өсүп жетилишин камсыздаган жана жакшы жубай, жакшы эне болууга өбөлгө болгон. Келечекте мындай туура тарбия алган кыз эне ыйык миссиячына туура даярданган.
Күйөөө чыкан аялзаттын чачын 2 кылып өргөн. Анткени эки өрүлгөн чач аркылуу ал өзү менен чогу өмүрлүк жарына жана балдарына да аалам энергиясын алган. Эгер узун чачы жумуш кылганда ишине тоскоолдук кылса, чачын түйүп же жоолук салынып алган”.