Орусиянын саясат талдоочусу Андрей Казанцев Кыргызстандын мурдагы президенттерин көңүл сыртында калтырган телеканалдарга таң калды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
“Белгилүү телеканал Russian Today эмнеге Кыргызстандын мурдагы президенттери менен иштешпейт?” – деген саясат талдоочу аталган телеканалда бир катар өлкөлөрдүн мурдагы президенттери катышкан көрсөтүүлөр бардыгын белгилеген.
“Russian Today” телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Боливиянын тактан түшкөн президенти Эво Моралеске кызыктуу теле алып баруучулук ишти сунуштаган. Эквадордун мурдагы президенти алда качан иштеп баштаган. Мен Акаев жана Бакиев жана башкалар үчүн ызаланып жатам. Аларга эмнеге иштөөгө сунушун киргизишпейт?” – деп суроо салган Казанцев.
Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин президенттик кызматтан төңкөрүштүн негизинде түшкөнүнө бирине 14, экинчисине тогуз жыл болду. Акаев учурда Москвада жогорку окуу жайлардын биринде профессорлук ишин улантууда. Ал эми Бакиев Минск шаарында жашап келет.