БУУнун гуманитардык жардамын артынган 35 жүк ташуучу унаа дүйшөмбү күнү түрк-сирия чек арасындагы “Жилвегез” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Идлибге жетти.
Биринчи керектөөдөгү буюмдар жүктөлгөн фуралар түрк провинциясындагы Рейханлы районуна жетип, ал жактан Сириянын түндүк-батыш аймагына жиберилди.
Гуманитардык жардам Идлибдеги жана анын айланасындагы аймактардын муктаж жашоочуларына арналган.
Сириядагы согуш 2011-жылы башталган. Каршылык акциясына чыккан жай демонстранттар аскерлер ок чыгаргандан кийин куралдуу каршылашууга өтүшкөн.