Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштурууну сунуштаган. Reuters жазгандай тараптар жолугушууга макул болушкан.
“Зеленский Путин менен жекеме жеке жолугушуга макул болду. Бул тууралуу Россиянын президенти кабардар. Путин макул болобу же жокпу көрөбүз”, — деген Назарбаев Нур-Султанда өткөн эл аралык саясат боюнча конференцияда.