Среда, 27 ноября

Cооронбай Жээнбеков Париж келишимин колдоду

0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Климаттын өзгөрүшүнө багытталган Париж келишимине кол койду. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматынан таратышты.

Билдирүүдө президент Кыргызстан глобалдык экологиялык коркунучтардын алдын алууда дүйнөлүк коомдун ишмердүүлүгүн колдой турганын белгилеген.

“Климаттын өзгөрүшү биздин тоолуу өлкөбүзгө дароо таасирин тийгизет. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына, жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн”,-дейт.

Ошондой эле Жээнбеков “Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн жалпы экосистемага жана адамдарга алып келүүчү негизги коркунуч катары баалайт. Ошондуктан мен климат жөнүндөгү Париж келишимин кабыл алган мыйзамга кол койдум”,-деген.

Айта кетсек Париж келишимин кабыл алган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш ушул жылдын 17-октябрында колдоого алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз