Среда, 27 ноября

Качкын президент Мексикада баш калкалайт

0

Мексиканын бийлиги Боливиянын тактан кеткен президенти Эво Моралеске саясий башпаанек берүүгө макул болду. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард билдирген.

Анын айтымында Моралес ага телефон чалып Мексиканын саясий башпаанек берүү сунушун кабыл алууну чечкенин билдирген.

“Биз Боливиянын Тышкы иштер министрлигине эл аралык укук нормасына ылайык Моралестин жол жүрүүсү коопсуздандырылышы зарылдыгын кабарлайбыз”, — деди Эбрард.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз