Четверг, 28 ноября

Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгү талкууланат

0

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Айыл чарба, тамак-аш, өнөр -жай жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу “kyrgyz.news” интернет сайтына уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматта иш чаранын максаты министрликтин ишин баалоо болуп саналаары айтылган. Анда белгиленгендей анткени профилдик комитеттер, жалпы парламент жана өкмөт министрликтин ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзө элек, бул агросектордун ишинин андан ары начарлашына алып келет жана фермерлердин кирешесинин деңгээлин төмөндөтөт.

Айта кетсек ага ассоциациялардын, бирикмелердин өкүлдөрү, эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышат, ошондой эле бардык кызыкдар тараптар чакырылат.

Коомдук угуу 18-ноябрь күнү “Орион” мейманканасында саат 11:00 башталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз