Бүгүндөн тарта айдоочулар өлкө аймагындагы эл аралык маанидеги кээ бир жолдордо машинасынын ылдамдыгын 110 чакырымга чейин көтөрө алышат. Буга уруксат берген өкмөттүн токтому ишке кирди.
Белгилүү болгондой чоң жолдордо ылдамдыкты көтөрүү сунушу Ички иштер министрлигине таандык. Муну аталган министирлик машиналардын бат-баттан өтүп кетүүсүн шарттайт деп түшүндүргөн. Ошондой эле мекеме ылдамдыктын чеги жолдун шартын эске алуу менен жогорулашы керектигин билдирген.
Эскерте кетсек азыркы шартта калктуу конуштардан башка жерлеринде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп аныкталган.