Четверг, 28 ноября

Саймаитинин өлүмүндө аты аталган башкы консул Сопоков иштен алынды

0

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Сопоков Эркин Мамасалиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттик аппараттын маалыматына караганда тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак Эркин Сопоковдун аты кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүн коштогон ызы-чууда аталган. Эки күн мурда Стамбулдагы отелдердин биринде Кыргызстанга мурдагы аткаминер Райымбек Матраимовдун бизнес-өнөктөшү катары таанымал кытайлык ишкердин киши колдуу болгону белгилүү болгон. Ага удаа түрк полицияларынын окуя боюнча териштирүүлөрү да коомчулукка жарыяланган.

Маркум киши колдуу болгон кафенин жанына ал айдап жүргөн Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Автоунаадагы 34 CC 2902 дипномер тез эле КРнын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтыла баштаган. Мындан улам Түркияда Кыргызстандын дипномерлери оң-сол таратыла баштаганына күмөн ойлор жаралган.

КР ТИМ бул тууралуу эч кандай комментарий берген эмес. Ал эми Эркин Сопоковдун иштен алынуусу ТИМдин эмнеге унчукпай жатканын билдиргендей болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз