Четверг, 28 ноября

Капиталдык курулуш башкармалыгы келерки жылы 60 көчө жасайт

0

Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгы келерки жылга жалпысынан 70 километрлик 60 көчөнү жасоо алдында турат. Бул тууралуу биздин сайтка “Капиталдык курулуш башкармалыгынын” өкүлү Мурат Букашев билдирди.

Айтымында учурда шаар ичиндеги жолдорду оңдоо иштери жыйынтыкталып, жылуулук электр борборуна байланышкан иштер жасалып жатат.

“Биздин ишкана быйылкы жылга коюлган бардык пландарды өз учурунда аткара алды. Жакында эле Москва көчөсүн ачтык. Аны салууну август айынын 15инде баштаганбыз. Өз мөөнөтүндө бүтүрүүгө үлгүрдүк. Негизинен Москва көчөсүнүн ордуна Токтогул көчөсү оңдолмок бирок ал жактагы жылуулук электр борборунун иштерине байланыштуу Москва көчөсүн оңдоого киришкенбиз”,-дейт Букашев.

Ошондой эле ал Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгы келерки жылга жалпысынан 70 километрлик 60 көчөнү жасоо алдында турганын алардын 36 сы шаар ичинде болсо, 24 көчөсү жаңы конуштарда жайгашканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз