Четверг, 28 ноября

Сакалдуу кишини сабаган балдар кармала элек

0

Мындан он үч күн мурун 59 жаштагы аксакал жаш балдардын ур- токмогуна кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Андан бери эки аптадай убакыт өткөнүнө карабастан чоң муштумдар кармала элек. Бул туурасында «Kyrgyz.news» сайтына сабалган жарандын жакындары кабарлап, укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразычылык билдиришүүдө.

Айтымдарында тартип сакчылары өтө жай иштеп, кылмышкерди кармагандын ордуна таяк жеген аксакалдан тосмо арыз алуу аракеттрин көрүп жатышат.

Эскерте кетсек үстүбүздөгү жылдын 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү кайтарган адамды жаш бала ур -токмокко алган. Буга аксакалдын «бул жерге заара ушатпа» деген сөзү себеп болгон.

Окуя видео тасмага дагы тартылып калган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз