Четверг, 28 ноября

Кыргызстан Сицилия болуп баратабы?

0

Акыркы учурда Кыргызстанда кылмыштуулук күчөп биздин мамлекет тээ 1950-жылдардагы Сицилияга окшошуп баратат. Мындай пикирин 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатат. Мына жакында эле «Мадина» базарындагы бизнесмен өлтүрүлдү, дагы биринин жансыз денеси стратегиялык объект болгон «Манас» эл аралык аэропортто унаадан табылды. Кечээ Түркияда Айэркен Саймаитини аткандардан Кыргызстандын паспорту чыкты. Анысы аз келгенсип ал дипломатиялык номуру бар машина айдап жүрүптүр. Эртең Орусияда Азиз Батукаев элчиликке тиешелүү номурдагы унаа менен жүрсө, анда да унчукпай отура беребизби?», — деди Шыкмаматов.

Ошондой эле депутат бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин катышуусунда бюджет долбоору каралаарын айтып, анын алдында жарым саат Стамбулдагы окуя боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады.

Депутаттын бул демилгесин Дастан Бекешов, Жанар Акаев, Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоевдер колдоого алышты.

Эскерте кетсек Айэркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон. Кытай жаранынын өлүмү боюнча шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз