2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетун түштөн кийинкиге коюптурсуңар, бул бекинип, коркуп тургандай түр калтырып жатат. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин жалпы жыйынында айтты.
“2018-жылдын отчету күн тартибинин эң артында калыптыр. Акыркы учурда бекинип, коркуп жаткандай эсеп палатасынын, улуттук банктын отчёттору түштөн кийинкиге коюлчу болду. Бардык олуттуу маселелер түштөн кийинкиге коюлуп жатат, бул уят. Эми мындай отчетторду биринчи сааттарга чыгарып, депутаттардын маанайы жакшы, күчкө толуп турган учурга коюш керек”,-дейт Төрөбаев.