Четверг, 28 ноября

Киши өлтүрүү, жасалма паспорттор жана толбогон бюджет

0

“Өнүгүү Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында кесиптештерине кайрылып кылмыштуулук боюнча өкмөттүн маалыматын угуунун пайдасы деле жок экенин айтты.

“Мен көпчүлүк коалициянын лидери Иса Шейшенкуловичке кайрылам, өкмөттү сиздер курагансыздар, сиздердин өкмөттүн ишмердүүлүгүндө киши өлтүрүу болуп жатат. Кадамжайда, Лейлекте шахтада өлүм болду. Кайсы жерде кылмышкер кармалбасын жанынан Кыргызстандын жасалма паспорттору табылууда. Бюджет толбой жатат, кара алтындын баасы кымбаттап кетти, жоопкерчилик кайда?”-деди. Аны менен катар Төрөбаев ушундай шалаакылыкка барып, ишин жөндөй албаган өкмөттүн отставкасын талап кылууга убакыт келип жетти деп эсептейт.

“Көпчүлүк коалиция өкмөттүн ишмердүүлүгүн карап, иштей албаса аларды отставкага кетирүү керек”, — деди.

Өз кезегинде Иса Өмүркулов депутатты эмоцияга алдырбоого чакырып, өкмөттү көпчүлүк коалиция коргоп жатпаганын, эгерде алар иштей албаса кетирүүгө эч ким тоскоол болбой турганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз