Среда, 27 ноября

Франция Сирия боюнча Түркия менен тыгыз сүйлөшүүгө барат

0

Франция Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал жана ДЕАШ террористтери менен күрөшүү боюнча Түркия менен тыгыз сүйлөшүүгө барат. Бул тууралуу Франциянын ТИМинин расмий өкүлү Агнес фон дер Мюль Түркиянын террористтерди депортациялап жатканына пикирин билдирип жатып айтты.

Айтымында террористтерге каршы туруу темасы Түркиянын гана эмес Франциянын да күн тартибиндеги өзгөчө орунду ээлейт.

Дипломат колго түшкөн ДЕАШ террористтеринин жагдайы Вашингтондо өтчү ДЕАШ менен күрөшүү боюнча Эл аралык коалициянын жолугушуусунда талкууланаарын белгиледи.

Буга дейре Франциянын коргонуу министри Флоренс Парли France Inter радиосунун эфиринде Париж менен Анкаранын ДЕАШ террористтерин өткөрүп берүү тууралуу келишими бардыгын, бирок ДЕАШ согушкерлеринин Түркиядан Францияга кайтканы боюнча азырынча маалымат жоктугун жарыялаган.

Франциялык ММКлардын жазганына караганда Түркия Францияга ДЕАШтын он бир террористин депортациялоону пландоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз