Израилдин аскер-аба күчтөрүнүн Газа секторуна жасаган соккусунан курман болгондордун саны 11ге жеткенин Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.
12-ноябрда таң эрте Дейр-Бела шаарында Израилдин авиасоккусунан каза тапкан бир адамды кошкондо жалпы курмандыктардын саны 11ге жетип, ал эми жараат алгандар 45 болду.
Буга дейре Израилдин коргонуу Аскери “Исламдык жихад” кыймылынын согуштук канатынын командирлеринин бири Беха Абул Ата убактылуу жашап турган палестиналык анклавдын чыгыш тарабына сокку жасаарын билдирген. Жыйынтыгында израилдик авиациянын соккусунан Абул Ата менен анын жубайы каза тапты.
Андан тышкары Газанын түндүгүндөгү авиасоккулардын курмандыгына 20 жаштагы Мухаммед Атийя Хамуде, 25 жаштагы Зеки Мухаммед Аднан Ганаме айланды, дагы көптөгөн тургундар ар кандай жарааттарды алышты.
Израилдик авиациянын аракетине жооп катары палестиналык анклавдан Тель-Авивге жана Израилдин башка райондоруна карай ракеталар учурулду. Эки миллиондой палестиналыктар жашаган Газа сектору 2006-жылдан тартып израилдик курчоодо кармалып келет.
Иордан дарыясынын батыш жээги менен Чыгыш Иерусалим 1967-жылдан бери Израилдин оккупациясында.