Пятница, 18 октября

Кытай жарандыгынан баш тарткан башка улуттардын өкүлдөрү көбөйүүдө

0

2019-жылдын тогуз айында Кытайдын жарандыгынан казак улутунун 4500 өкүлү баш тартты. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта бул аралыкта Казакстандын Кытайдагы элчилиги 35 миң казакка өлкөдөн чыгуу визасын бергени айтылат.

Ошондой эле 9 400 кытайлык казак Казакстанда жашаган туугандары менен жолугушууга уруксат берген документтерди алышты.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына карагандай быйыл январдан сентябрга чейин чет өлкөлөрдө жашаган 10 790 казак Казакстандын жарандыгын алган. Өткөн жылы болсо 18 миң казакка жарандык берилген.

Эмгек жана социалдык колдоо министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын жарандыгын алган казактардын дээрлик жарымы Өзбекстандан, 36 пайызы Кытайдан, 6,2 пайызы Монголиядан жана 5,4 пайызы Түркмөнстандан көчүп келишкен. Казакстан эгемендик алгандан бери жалпысынан миллиондон ашык казак тарыхый мекенине кайтып келген.

Аларга Казакстанда бир жылдык мөөнөткө кайрылман макамы берилет. Бул аралыкта алар жарандык алууга керектүү болгон бардык документтерин топтоп, тиешелүү органдарга тапшырышы керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз