Пятница, 17 мая

Саймаитинин өлтүрүлүшү камерага түшүп калган – Видео

0

10-ноябрда Стамбулдун Фатихе районунда болгон киши өлтүрүү кылмышы байкоочу камерага тартылып калган. Бул күнү саат 20.10до уйгур тектүү кытай ишкери Саймаити Айэркен мейманкананын кафесинде отурган. Бир канча убакыттан кийин белгисиз бирөө тез-тез кадамдап анын жанына жакындаган да, глушители бар тапанчадан аны көздөй ок чыгарып анан заматта из жазгырган. Айэркен оор жараат алган, ооруканага жеткирилгенден кийин дарыгерлер канчалык аракет кылышпасын өзүнө келбей көз жумган.

Бул төбө чачты тик тургузган кылмыштын ар бир ирмеми камерага тартылган.

Кадрда кылмыш болгон жерде кыргыз консулунун дипломатиялык номери кадалган автоунаанын турганын көрүүгө болот. Шектүү Саймаитини бир нече күн бою байкоого алган, акыркы байкоосунан кийин 10 сааттан соң кафеге келип ок чыгарган. Андан соң качып кеткен.

Киши өлтүргүч бул кылмышын миң долларга баалаган

Окуядан кийин коомдук коопсуздук башкармалыгынын тобу иштеп, төрт адамды шектүү катары кармаган. Анын бири сириялык болуп чыккан. Анын айтымында кылмыш үчүн миң доллар алган.
Саймаити Кыргызстанда бажы иштери менен алектенген, өлкөдөн 700 миллион долларды чыгарып кетүүгө көмөкчү болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз