Австралиянын Сидней шаарындагы кафелердин биринде жоолукчан аял сабалганын чагылдырган видео интернетке тарады. Видеодон көрүнүп тургандай жоолукчан аял эки аял менен чогуу тамактанып отурган. Анын кош бойлуу экенин билүүгө болот. Аңгыча эркек киши кирип келип жоолукчан аялды муштагылап баштаган. Бул окуя кафенен байкоочу камерасына түшүп калган.
Сабаган эркек полиция тарабынан камакка алынды.