ЖК төрагасы Дастан Жумабеков Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити боюнча пикирин билдирип, парламент бул маселеде сыртта карап турган жок деди. Бул тууралуу Жумабеков парламенттик журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.
«Өзүңүздөр билгендей бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Депутаттык комиссия бул укуктук мыйзамдуу комиссия ошону күтө туралы. Жыйынтыкты күтөлү. Эң негизгиси Жогорку Кеңеш сыртта калбай депутаттык комиссия түздүк алар өздөрүнүн ишин баштап кыска мөөнөттүн ичинде текшерүү иштерин бүтөт. Комиссиянын курамынан Искендер Матраимов өзү чыга турганы боюнча билдирүү жасады. Бул комиссиянын чечими чыккандан кийин өзүмдүн пикиримди билдирем»,- деди спикер.
Эскерте кетсек, кытай улутундагы Саймаитинин Стамбулда өлүмү боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.