Суббота, 23 ноября

Парламент жылына 125 мыйзам кабыл алат

0

Жогорку Кеңеш жылына болжолу менен 120-125 мыйзам кабыл алат. Бул туурасында ЖК төрагасы Дастан Жумабеков билдирди.

«Мыйзамды өкмөт, депутаттар жана коомчулук сунуштай алат. Коомчулук кайсы бир мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун бериш үчүн аларда 10 миң адамдын колу керек. 10 миң адамдын колу ЖК келет. Эгер булар тастыкталса Жогорку Кеңеште долбоор каралат же четке кагылат. Ар бир мыйзам бир айлык мөөнөттө коомдук талкууга коюлат. Мыйзам организм сыяктуу жаңыланууну талап кылат»,-дейт Жумабеков.

Ошондой эле спикер журналисттерден коомчулукка пайда алып келген социалдык багыттагы мыйзам долбоорун көбүрөөк чагылдырууга чакырды. Айтымында ММКда жакшы мыйзамдар сейрек чагылдырылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз