Суббота, 23 ноября

Ирандары акция учурунда 180ден ашуун жаран кармалды

0

Иранда бийликке каршы нааразылык акциясына чыккан 180ден ашуун жаран полиция тарабынан кармалды.

Дүйнөлүк басылмалардагы маалыматтарга караганда кармалгандар демонстрациянын лидерлери.
Алар тартип сакчыларына кол салууга, имараттарды өрттөөгө жана интернетте мыйзамсыз чакырыктарды жасооого айыпталууда.

Иранда ноябрдын ортосунан бери бийликке каршы нааразылык өтүүдө. Көчөгө чыккандар коррупцияга, күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө нааразычылык билдиришкен. Полиция демонстранттарга күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газдын жардамы менен кууп таратууда.

Иран бийлиги нааразылыкка чыккандардын көбү Батыш өлкөлөрүнөн акча алган деп эсептейт. Amnesty International уюму демонстранттарды кууп таратуу учурунда 106 киши өлгөнүн билдирген. Иран бийлиги маалыматты четке кагууда. Өлкө интернетке чектөө киргизген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз