Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов Кыргызстандын аймагында. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дамир Сагынбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Матраимов расмий издөөдө эмес. Ошондуктан биз аны текшербейбиз. Менин билишимче Матраимов Кыргызстандын аймагында»,- дейт Сагынбаев.
Ошондой эле коопсуздук кеңешинин төрагасы журналисттик иликтөөнүн негизинде Матраимов УКМКга чакырылышы мүмкүн экенин, учурда бул боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөнүн аны УКМКдагы тергөө кызматынын башчысы жетектеп жатканын кошумчалады.