Суббота, 23 ноября

Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык тажик акынына ыйгарылды

0

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык Парламенттер аралык ассамблеянын токтому менен Тажикстандын Эл акыны, Абуабдулло Рудаки атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гоиб Мухаммадга ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлык 2012-жылы уюштурулган жана жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу, таанымал акын-жазуучуларга тапшырылып келет.

Сыйлыкты лауреатка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева тапшырды. Ал: “Бул бийик даражалуу сыйлык биздин лауреаттардын таланты менен чыгармачылык жетишкендиктерин белгилөө эле эмес, Шериктештиктеги элдердин достугун бекемдөөгө кошуп жаткан жеке салымдары үчүн ыраазычылык десек да болот”, — деди.

Ден соолугуна байланыштуу тилекке каршы Гоиб Мухаммад Санкт-Петербургга келе албаптыр. Ошого байланыштуу Айтматов атындагы адабий сыйлыктын ардак күбөлүгү, сыйлык менен кошо бериле турган 30 миң доллардын сертификаты Тажикстандын Мажлисинин төрагасы Махмасаид Убайдуллоевге аманат катары тапышырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз