Кыргызстандын Түрк Республикасындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн мекемелер аралык жумушчу топ текшерүүгө алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.
Ал жумушчу топ Түркиядан кайтып келишкенин жана жакын арада сапардын жыйынтыктары боюнча президент Сооронбай Жээнбековго отчет беришээрин белгиледи.
“Киши колдуу болгон кытай ишкери кыргыз дипломатиялык номер кадалган автоунааны айдап жүргөнү боюнча чуулгандуу окуядан кийин Кыргызстандын бардык өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана дипломатиялык миссиядагы мекемелеринин дипломатиялык номерлүү кызматтык автоунаалары текшерүүгө алынат. Бул чечилди”, — деди Сыдыков.
Эске салсак Айэркен Саймаити 10-ноябрда киши колдуу болгон. Ал Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун дипломатиялык номерлүү автоунаасын айдап жүргөнү өлүмүнөн кийин ачыкталган. Сопоков аны автоунааны сатуу үчүн жеке менчик салонго тапшырганы менен түшүндүргөн.
Ал эми ТИМ министри Айдарбеков дипломатиялуу номердеги автоунааны сатыкка жеке автосалонго коюу мыйзам бузуу экенин жарыялаган.