Воскресенье, 24 ноября

Ак үйдүн алдында коррупцияга каршы тынчтык митинги өттү

0

Учурда Ак үйдүн алдында «РЕАКЦИЯ» аталышындагы тынчтык акциясы өтүп жатат. Анда катышкандар митингге келечекке кам көргөндөр чыкканын айтышып нааразычылык акциясын маданиятту өткөрөбүз деген убадаларын беришти.

Митингге чыккандар алгач гимнди ырдашып андан кийин 7-апрелде каза болгондордун урматына коюлган эстеликке гүл коюшту.

Уюштуруучулар атайын түзүлгөн регламентин окушту.
Митингчилер негизги үч талаптарын айтышты:
Раим Матраимов камалсын;
Уурулардын орду түрмөдө;
Реакция реалдуу.

Акцияга жарандык активисттер, белгилүү ырчылар, укук коргоочулар жана айрым алып баруучулар катышышты.

Эскерте кетсек буга чейин сот тарабынан ЖК алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынган болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз