Мындан эки жыл мурда 2017-жылдын 28-29-сентябрь күндөрү “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген темада эл аралык конференция уюштурулган. Конференцияга 19 өлкөдөн келген белгилүү окумуштуулар, ислам таануучулар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелер боюнча актуалдуу маселелер талкууга алынган. Ушул эле конференциянын экинчиси 2018-жылдын 15-ноябрында өткөрүлүп, 21 өлкөдөн 50гө жакын мамлекеттик диний мекемелердин өкүлдөрү, аалымдар, серепчилер катышкан.
Болуп өткөн конференцияларда талкууга алынган темаларды кыскача эске салып өтсөк, биринчи жолку уюштурулган конференцияда диний ураандарга жамынган терроризм жана экстремизмге жол бербөө, мындай терс көрүнүштөрдү мамлекетти бекемдөө, тилди жана маданиятты сактоо менен ишке ашыруу керектигине, диний билимдин жетишсиздигинен улам пайда болуп жаткан мындай терс көрүнүштөрдүн ислам динине көлөкө түшүрүп жаткандыгына жана динди таңуулоо, мажбурлоо туура эмес экендигине басым жасалган. Ошол эле теманын алкагында 2018-жылы уюштурулган экинчи эл аралык конференцияда радикалдуу диний агымдарга альтернатива иретинде исламдын салттуу баалуулуктарын мамлекет баш болуп илгерилетүүсү керектигине басым жасоо менен диний билим берүү, исламда аялдын орду, диний темаларды маалымат каражаттарында туура чагылдыруу жана ислам дининде жаштардын ролу сыяктуу маселелер талкууга алынган. Ал эми, талкууга алынып декларациясы жарыяланган бул темалар азыркы учурда канчалык даражада иш жүзүнө ашырылып жаткандыгы өзүнчө маселе.
Акыркы эки жылдан бери уюштурулуп келе жаткан конференциянын уландысы катарында үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Россия Федерациясы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу менен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Ислам жана православие – тынчтыктын диндери” аталышындагы эл аралык конференция болуп өттү. Иш-чара КРнын 2014-2020-жылдарга карата түзүлгөн дин жаатындагы мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында уюштурулду жана конференцияда бул концепциянын кайрадан толукталып жаңылануусу боюнча да сөз болду. Анткени концепциянын негизги максаты – диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу.
“Ислам жана православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз. Орток руханий баалуулуктарыбызды дагы бир ирет ырастоого, диндер аралык диалогду күчөтүүгө жана элдерибиздин достугун арттырууга багытталган бүгүнкү конференция — баарыбызга тең маанилүү” деген пикирин билдирүү менен конференциянын ачылышына катышкан өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков, жаңы агымдар жана секталардын пайда болуп жатканын эске салып, диний себептер менен бөлүнүп жарылууга, диний экстремизмге тыюу салынарын, ошондой эле жеткинчек балдарга диний билим берүү светтик билимден чектебеши керектигин баса белгиледи. Конференциянын негизги максаты – постсоветтик мейкиндиктеги ислам жана православиенин тарыхый карым-катнашын жана өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды талдоо, эки диндин баалуулуктарын жана эл аралык тынчтыкты орнотуудагы ролун талкуулоо менен бирге Евразиялык мейкиндикте кызматташтыкты жана интеграциялык процесстерди өнүктүрүү болгон. Конференцияга Россия, Кыргызстан, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, диний уюмдардын, дин жаатында радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу маселелери боюнча окумуштуу илимпоздор жана серепчилер болуп жалпы 150дөн ашык өкүлдөр келип катышты.
Эмне үчүн ислам жана православ христиан дини? Эмнеге башка диндердин аты аталбады? Мындай аталыштагы конференциянын мамлекеттик өкүлдөр тарабынан эл аралык деңгээлде өткөрүлүшү, эки чоң конфессия үчүн өтө чоң утук. Көп улуттуу жана көп конфессиялуу өлкөбүздө эң алгачкылардан болуп саналган, ата-бабаларыбыз тутунуп келген негизги дин – ислам, ошондой эле, көп жылдардан бери ислам менен ынтымакташа, урматташуу менен тынчтыкта жашап келе жаткан православ христиан дини. Бул эки диндин өлкөдөгү диний кырдаалга багыт берүүдө жана республикабыздын стабилдүүлүгүнө шек келтире турган деструктивдүү ар кандай секталардын жайылуусунун алдын алууда ролу чоң. Бул иш-чарада бир эле биздин өлкө үчүн эмес, Борбордук Азия өлкөлөрү, Россия Федерациясы сыяктуу чоң аймакты камтыган талкуу болду деп айта алабыз. Бул конференция, эки чоң самавий (көктөн жиберилген) диндердин кызматташуусуна, биргеликте иш алып баруусуна, өз баалуулуктарын ортого коюп азыркы жана келечек муунга багыт берүүгө ташталган кадамдардын башаты болду. Албетте, буга чейин да өз ара кызматташуулар болуп келсе да, бир кылымга чукул СССРдин динге каршы жүргүзгөн саясатынын таасири менен өзүбүздү да, бири-бирибизди да (ислам жана православ христиан дини) жоготуп койгон элек. Жогоруда самавий диндер деп айтып кеткенибиздин себеби, бул эки диндин чыккан булагы бир, канчалык кээ бир айырмачылыктар болсо да ишенген кудайы бир. Орток руханий баалуулуктары белгилүү. Адеп-ахлак принциптеринде, жалпы адамзатты камтыган мамиле принциптеринде аша чапкан айырма жок. Канчалаган кылымдан бери биргелешип кызматташып келет. Бүгүнкү күндө да, өз учурунда ар кандай жолдор менен өлкөбүзгө кирип ар түрдүү пикирлерди жайып, бир айылдын тургундарынын, жада калса бир үй-бүлөнүн, бир туугандардын арасындагы чыр-чатактарга себеп болуп жаткан секталардын жолун бууп, элибиздин тынчтыкта, бакубат жашоодо келечекти карай умтулуусуна көмөк көрсөтүү үчүн кайрадан кызматташуу, биргеликте иш алып баруу эки диндин милдети. Ал эми, мамлекеттин бул ишти колго алып колдоо көрсөтүп жатканы бул, эки дин үчүн эң негизгиси.
Диний жаатта пайда болуп жаткан ар кандай туура эмес түшүнүктөр, экстремисттик пикирлер диний билим алуунун деңгээлинин канчалык даражада экендигин көрсөтүп турат. Конференцияда президент С. Жээнбеков токтолуп өткөндөй жаш жеткинчектерге диний билим берүүдө светтик билимден такыр эле алыстатып койбоо керек. Жалгыз канат менен канчалык алыстыкка учуу мүмкүн? Ал эми эки тараптуу билим алган жаштарыбыз, эки канаттуу куш сымал алыстарга учканга даяр. Демек конференцияда талкууга тема болгон маселелердин башатында билим берүү турат. Радикалдуу көз караштардын, диний маселелерди туура эмес жеткирүүнүн алдын алуунун жана жаш жеткинчектерге эки тараптуу билим берүүгө үндөөнүн да башатында диний билим берүүнүн маанилүүлүгү жатат. Диний билим берүүдө ислам да, православие христиан дини да өз мойнундагы милдетин так аткаруу менен, тагыраак айтканда эки тараптуу билим берүү менен алдынан чыккан тоскоолдуктардын баарын аша алат. Антпесе, өз келечек муундарын бир тараптуу же радикалдуу топтордун торуна өз колу менен салып берүүгө аргасыз. Натыйжада, “Ислам жана православ христиан дини – өлкөдө тынчтык орноткон диндер” деген атка татыктуу иш алып барышы керек.