Вторник, 21 мая

“Кара жуманын” кара жүзү

0

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү бир топ өлкөнүн катарында Кыргызстанда да “кара жума” акциясына карата соода түйүндөрүндө арзандатуулар болду. Кээ бир өлкөлөр сыяктуу соода түйүндөрүн эл каптап калбаса да бир канча соода борборлоруна атайын акция үчүн келгендердин саны күндөгүдөн көп болду. Алгач эмне себептен “кара жума” деп аталып калганын, анын кыскача тарыхына токтолуп өтөлү.

“Кара жума” акциясы АКШда жыл сайын ноябрь айынын акыркы жумасында майрамдалып келген “Ыраазычылык билдирүү күнүн” улай жума күнү өткөрүлүп келет. Бул күндүн мындай аталып калышы жана келип чыгышы тууралуу маалымат булактарында эки башка маалыматтарды кездештирүүгө болот. Биз үчүн негизгиси бул эмес. Булактарга таянып айтканда 1966-жылы “кара жума” термини пайда болгон экен. Бул майрамда соода борборлорунда болуп көрбөгөндөй арзандатуулар жүрүп, сатуу борборлору адаттагыдан эрте ачылып, кеч жабылып келет. Жаңы жылга даярдык максатында сатылбай калган текстил жана техно-буюмдарды дүңүнөн соода уюштуруп арзан баада сатууну пландаган өндүрүшчүлөр эмне себептен жума күнүнө “кара” терминин кошту болду экен, деген суроо өзүнө жооп издеп келет. Бул тууралуу маалымат булактары 1960-жылдарда жума күнкү арзандатуулардан улам көчөлөрдөгү авто унаалардын тыгындарынан “кара жума” деген ат берилгенин жазып келишет. 

Эмне деген максат менен коюлган күндө да “кара жума” деген сөздү уккан ар бир ой жүгүрткөн адамга атайын тандалгандыгы көрүнүп эле турат. Жума күнүнүн мусулмандар үчүн канчалык маанилүү экени белгилүү. “Күндөрдүн эң жакшысы жума күнү. Бул күндө Адам (а.с) жаратылды, ушул күнү бейишке киргизилди жана ушул күнү бейиштен чыгарылды. Кыямат жума күнү гана болот” (Муслим, Жума 17,18) деген жана ушул сыяктуу жуманын маанилүүлүгү тууралуу айтылган бир топ хадис жана Куран аяттары, жада калса “жума” сүрөсү бар. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жума күнү көп-көп салават айтуу тууралуу насааттарын көрүүгө болот. Жума күнү мусулмандардын башын бириктирген жума намазы өзүнчө көптөгөн пазилеттерге ээ. Жума күнү жума намазы үчүн, мусулман бир туугандар менен бир сапта, бир мечитте, чогуу жараткан Аллага ибадат кылуу турганда дүйнөлүк нерселерге берилип арзандатуунун артынан чуркоо мусулмандык сапаттардан болбошу керек. Албетте, соода-сатык адал кылынган, бирок, жума намазы учурунда соода кылуу арам кылынган. Намаздан кийин ар ким өз ырыскысы үчүн эмгектенүүнү улантуу буйрулган. “Кара жума” деп айтуу менен жума күнү кара болуп калбайт, албетте. Жума – биз үчүн майрам, бирок кара майрам эмес. Жума – мусулмандар үчүн ыйык, иудей жана христиан диндери үчүн ишемби жана жекшемби күндөрү ыйык болгондой эле. 

Арада кошуп айта кетчү нерселерден бири, адамдардын акциянын атына көп көңүл бурбагандыгы. Азыркы учурда акция эле эмес, көп нерсенин аталышына көңүл бурулбай келет. Кийген кийимдерибиздеги чет тилдерде жазылган жазуулардан тартып, наристелерибизге берилген ысымдарга чейин… Балдарыбыздын ысымдарынын маанилерин дагы бир жолу издеп, карап чыгалы, эгер билбесек. Кийип жүргөн кийимибизде эмне деп жазылып турат? Сөгүнүп жатабы, динибизге, баалуулуктарыбызга шек келтирилип жатабы? Ойлонуп, кайрадан бир карап чыгалы. Негизи эле, жазуу менен гана чектелбестен жалпы жашообузда кылып жаткан, жеп жаткан, кийип жүргөн же ичип жүргөн нерселерибизге кайдыгер карабай көңүл бура жүрөлү. Кыйын эмес. Билбесек билгендерден сурайлы.

Ислам дүйнөсүндө, өзгөчө Түркияда, кара жума түшүнүгүнө каршы чыккандардын саны акыркы убактарда көбөйүүдө. Ошондуктан түрк туугандарда соода борборлору кара жуманын атын өзгөрткөнгө мажбур болушуп, “сонун жума”, “супер жума” ж.б. аталыштар менен кайра эле ошол акцияны уюштуруп келишет. Натыйжада, “кара жума” акциясы мусулмандардын баалуулуктарына акарат катары атайын уюштурулган деп айтууга толук негиз бар. Акция уюштурулуп жатса, ат койууга карадан башка түс жокпу, же жумадан башка күн жокпу? Балким, жөн эле апыртып жатасың дегендер болсо керек араңарда. Бирок, мен буга унчукпай калып кете албадым. Эгерде сиздин баалуулуктарыңызга, ыйык туткан нерсеңизге ылай ыргытылса карап турбасаңыз керек. 

Бул акциянын дагы бир максаты жыл бою өтпөй турган буюмдарды ноябрь айында баасын бир канча күн мурда өз баасынан эселеп жогору көрсөтүп, акция өткөн күнү кайра эле мурдагы баасына арзандуу менен элге сатуу. Тилекке каршы бул маалыматтан көпчүлүктүн кабары жок. Сооданын ыгын билген соодагер өз баасынан эч качан 50-60%га чейин арзандатуу менен буюмун сатпайт. Анткени, статистикалар акция уюштурган фирмалардын жөнөкөй күндөргө караганда “кара жума” акциясы уюштурулган күнү салыштырмалуу эселеп пайда көрүшкөндүгүн көрсөтүп турат. Ар ким өзү изилдеп өз көзү менен көрүүңүздөр үчүн ушул жерден эле токтолу. Жума күнүңүздөр маарек болсун!

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз