Фарсча «шах»-падыша, «шахр»-падышачылык экен. Шахр биздин тилге «шаар» болуп өткөн.
Кент согдча «чеп, коргон» деген маанилерге келип, ал тил деле фарсчанын бир бутагы болгон.
Түркий элдер шаарды «балык» дешкен дейт. Ал балчык деген сөздөн келип чыккан экен. Мисалы; Бешбалык–беш шаар. Бирок, учурда балык деген сөздү суудагы балык үчүн эле колдонуп калдык…
Айыл «агыл» деген сөздөн келип чыккан деген ой басымдуулук кылат экен. Учурда ичине койлор камалган тосмону агыл дейбиз. Көчмөн элдин жашоосун мал–жандыксыз элестетүү мүмкүн эмес. Алдын мал, аркасын бала басып жүргөн элдин жашоосу мал менен сүрөттөлөт. Ошого айылдын агыл деген сөздөн келип чыкканын айтуу туура эле окшойт. Бирок, айыл дегени агыл экен деп алып эле айылдыктарды кемсинткен болбой калат
Кыргыздын жашоосунда барып келип жүргөн эки эле жери бар: жайлоо жана кыштоо. Жай мезгилинде жайлоого чыгып кетсе, кыш мезгилинде кыштоого түшүп келген. Ал кезде кыргыздар жайлоолук же кыштоолук деп бөлүнгөн эмес. Кыргыздар отурукташкандан кийин шаар көргөн эчкидей эски жашоосун чаңып, эски жашоосун артта калгандык катары мүнөздөп калбадыбы?! Кайран эски жашоо!