Воскресенье, 24 ноября

“Кет Кыргызстандан!” – Исаковдун адвокатын коркутуп жатышат

0

Адвокат Нурбек Токтакунов ИИМден коопсуздугун сактап берүүнү талап кылууда. Жарандык көзөмөл комитетинен билдиришкендей адвокатка өлкөдөн чыгып кет деген өңдүү коркутуулар келип жатат, бирок коркутууну жазган тарап ким экенин билдирбей жашыруун кармашкан.
Ушул жылдын 14-декабрында Токтакуновдун айдоочусу Азамат Ильязовго эртең мененки саат алтыда кол салуу болгон. Аталган комитеттин соцтармактагы баракчасы бул окуяны мындай деп жазды:

“Айдоочунун үйүнө күрсүйгөн белгисиз эркектер таң калышуу кол салуу жасашкан. Саат таңкы 6да Азамат Ильязовдун үйүн белгисиз бирөөлөр каккылашкан. Андан кийин ага кол көтөрүшкөн. Азамат милиция чакырганга аргасыз болгон. Бирок милиция чакырыктан кийин болжол менен бир сааттан соң гана келген. Азамат Ильязовго ким кол салды, ошондой эле анын үйүнүн дарегин ким айтып берди – тыкыр иликтеп, бизге билдирүүгө чакырабыз”.

Эске салсак Нурбек Токтакунов Сапар Исаковго жактоочулук кылган. Ал Башкы прокуратура коомчулукка калп айтып жатканын жарыялаган. Ал белгилегендей Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз баюусу боюнча арыз УКМКга жиберилгенинен өз убагында кабардар болбогон. Бул тууралуу Фейсбукка минтип жазган:

“Эми алардын стратегиясы белгилүү болду. Алар ишти ар кандай жол менен мыйзамсыз баюудан алып өтүүгө аракеттенип жатышат, анткени бул иште Матраимовдун күнөөсү өтө эле ачык болуп турат”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз