Парламент депутаты Жаныбек Бакчиев бүгүн УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Ошондой эле ал тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүү процедурасы аяктаганга чейин сурак жөнүндө депутат эч кимге маалымат бербей турганын да кошумчалады.
Эске салсак Бакчиев депутат болгонго дейре Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеген. Ал жерден 2011-жылы кеткен. Кызматтан кетишинин себеби катары мурдагы төрага аны бул кызматка сунуштаган партия жаңы көпчүлүк коалицияга кирбей калганын белгилеген. Ал кезде өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов эле.